МҮСҮРАЛИЕВ Камчыбек: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МҮСҮРАЛИЕВ Камчыбек (10. 6. 1940-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Аламүдүн р-ну, Арчалы кыш.) - геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1980). ФПИни (1965), Ташкенттеги жогорку партиялык мектепти (1974) бүткөн. Казакстандын Ак-Дөбө комплекстүү геол. экспедициясынын Борлин, Түштүк Муталжар партияларында техник-геолог, геолог, улук геолог (1965-67), 0. Азия мамлекеттик долбоорлоо институтунун изилдөөчү экспедициясында инженер, улук инженер (1967- 70), Кыргызстан КП Таш-Көмүр шааркомунун транспорттук ө. ж. бөлүмүнүн башчысы, комсомолдун Таш-Көмүр шааркоомунун секретары (1970- 72), Кыргызстан КП Ош обл. транспорттук ө. ж. бөлүмүнүн инструктору (1974-78), Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын башчысы (1978-87), Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын Калинин, Сокулук гидрогеол. партияларынын башчысы (1987-93), 1993-жылдан Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын башчысы.