МҮРӨК ДАРАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МҮРӨК ДАРАК (Catalpa) - өсүмдүктөрдүн биг­нбниялар тукумундагы уруусу. Жалбырагы кубулмө, ири, гүлү эки жыныстуу, туура эмес түзүлүштө, чачы же шыпыргы топ гүлгө чогул­ган. Мөмөсү - сүйрүрөөк, көп уруктуу кутуча. Бийикт. 15-20 м келген, жыш пирамида шак­туу, түз сөңгөктүү. Июнь айында гүлдөйт. Ыңгай­луу шартта жаш кезинде жылына 1 м өсөт. Суукка чыдамдуу. Шаар ичинде чаңга, түтүнгө, газга туруктуу болот. Жыгачы жеңил, жумшак, көпкө чирибейт. Уругу, калемяелери менен

көбө­йөт. Крымда, Украинада, Закавказьеде өстүрү­лөт, ошондой эле Борбордук Азиянын парктарында кезде­шет. Түндүк Америка жана Чыгыш Азияда 10 түрү тараган. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү кооздук өсүм­дүгү катары өстүрүлөт. Нымдуу жерде жакшы өсөт.