МҮНҮШКӨР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МҮНҮШКӨР (фарсча миршакар - кан сарайын­дагы куш таптагыч) - алгыр кушту (бүркүт, ителги, карчыга, кыргый, турумтай ж. б.) тап­тап, үндөккө келтирип, илбээсин менен аңга куш салуучу адам. Куш таптоодо алгыр куштардын кичине-чоңуна, алгырлыгына карата таптоо да бири биринен айырмаланат. М. өнөрү кыргыз, казакта эзелтен белгилүү. Кыргыз М-үнүн эң жетиги жана барктуусу - бүркүтчү. М. кушту тор жайып, тузак тартып кармайт же уядан алын­ган бала бүркүттү таптап, колго үйрөтүп, үндөккө келтирет. Кармалган бүркүткө адегенде томого салып, аны кермеге кондурат, уйкусун алып, ач кармайт. Бир нече күндөн кийин эпке ке­лип, жем тарта, чакырганга келет. Бүркүттүн тегине, кыраандыгына, мүнөзүнө, жашына жа­раша «кансокто», «тоё» деп аталган жемдер се­миртүүдө жана түлөккө кондурганда, этинен түш­көндө берилсе, «тартма», «толорсук» чый­рыктырууда, «сары бөртмө» (тууралып, 1-2 ирет сууга чайылган эт) бир калыпта кармоодо, «ак жем» этинен түшүрүү жана кардын ачыруу үчүн берилет. Түрдүү жемдер менен багуу к у ш т у к а й р у у деп аталат. Кайруу убагында бүркүттүн ичин тазалоо, арчанын бүрүн берүү, муз жуткузуу, денесин муздатуу ж. б. жолдор колдонулат. М. аңдын жатагын, өрүшүн, изин билген баамчыл да болот. Аңга чыкканда М. -керектүү куралдарды ала журөт. М-дүн көп киши менен куш салууга чыгышы соного чыгуу деп аталат, к. Аңчылык.