МҮНӨЗДӨП ТАМАКТАНУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МҮНӨЗДӨП ТАМАКТАНУУ, д и е т а (грекче сИаИа - жашоо мүнөзү) - ооруну дарылоо жана алдын алуу максатында өлчөмү, химиялык курамы, калориялуулугу жана кулинариялык даярдалышы боюнча атайын тандалып алынган тамак рациону. М. т. демейде өзүнчө айыктыруу ыкмасы болбостон, дары-дармек ж. б. дарылоо методдору менен бирге сунуш кылынат. Айрым ооруларда (гастрит, колит, жара оорусу, холецистит, бөйрөк оорулары ж.б.) дарылоонун негизги ыкмасы болуп эсептелет. М. т. тамактануу тартибине жана тамакты даярдоо ыкмасына, оорунун мүнөзүнө жана азык заттын санына жана сапатына жараша болот. Мында рацион белок, углевод, минерал заттар жана витаминдер жетиштүү түзүлүшү зарыл. М. т. врачтын кеңеши менен жана анын көзөмөлүндө жүргүзүлүп, организмдин азык жана биол. активдүү заттарга муктаждыгын толук канааттандырышы керек. Ал организмдин оору менен күрөшүүсүнө жардамдашып, жабыркаган системанын тез калыбына келишине түрткү берет, организмдин зат алмашуусун жанажалпы абалын жакшыртат. М. т-да врач өтө жеңил тамак (алма, быштак-, айран, сүт) кабыл алуу күндөрүн белгилейт. Суусу жана тузу аз жеңил тамак семирүүдө, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларында, гипертония ооруларында ж. б. берилет. Өзүн өзү дарылоо, ошондой эле арыктоо үчүн тамак ичпей коюу организмге зыян келтирип, кээ бир органдардын (боор, мээ ж. б.) иштөөсүн бузат. Тамак сиңирүүчү органдарга механикалык жана химиялык таасир этүүчү заттарды азайтуу чоң мааниге ээ. Механикалык таасирлердй азайтуу үчүн тамак рационунан клетчаткалуу өсүмдүк азыктарын (түрп, капуста, бадыраң, чанактуулар ж. б.) алып таштоо керек. Ичеги-карындын жана тамак сиңирүүчү бездердин кызматын күчөтүүчү тамактар азайтылат. Бул учурда ынак сорпо, куурулган майлуу тамак, өткүр татымал жана соустар тамак рационунан чыгарылат. Жүрөк жана бөйрөктүн айрым ооруларында тузсуз тамак сунуш кылынат. Ал оорулуунун абалына, мүнөзүнө жараша болот.