МҮНӨЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МҮНӨЗ - көркөм чыгармадагы адамдын кулк­мүнөзү, анын өзүнө, башка адамдарга, ар кан­дай көрүнүштөргө карата мамилесинен көрүнүүчү социалдык чөйрөдөгү жүрүм-турумунун сти­ли. Жазуучулар образ түзүүдө биринчи адам Менен ачып берүүдөн баштайт. Адабияттагы М.

ка­армандын жеке касиеттерин көрсөтөт, ошондой эле аны тип даражасына көтөрүп чыгат. Ар бир доор өзүнүн типтүү М-дөрүн жаратат (мисалы, Кожожаш, Эр Төштүк - алгачкы мифол. мезгилдин, Ма­нас, Семетей, Курманбек, Жаңыл Мырза - баа­тырдык, жоокерчилик доордун; Абил бий, Нү­зүп - Кокон хандыгынын мезгилинин; Кычан, Дүйшөн, Танабай, Султанмурат - советтик мезгил­дин типтүү М-дөрү). М. каарман жашаган со­циалдык чөйрө менен байланыш-катнашта ачыл­ганда гана өзүнүн толук баалуу эстетикалык күчүнө жетишет.