МҮЛК САЛЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МҮЛК САЛЫГЫ - уюмдардын (ишкана ж. б.) жана жеке жактардын мүлкүнө салынуучу салык. Алгач Байыркы Грекияда жана Рим империясын­да, о. кылымда Европадагы ж. б. өлкөлөрдө бол­гон. Ал негизинен менчиктеги жер тилкелери­не акча түрүндө салынган. Учурда М. с. ар бир өлкөнүн өз мыйзамына ылайык юридикалык жактар­дан (ишкана, компания ж. б.) жана жарандар­дан алынып турат. Юридикалык жактарга М. с. не­гизги каражаттар, материалдык эмес активдер, төлөм жүргүзүүчүнүн балансында болгон запас­тар жана чыгымдарга салынат. М. с. төлөмүнөн жаңы түзүлгөн ишканалар белгилүү бир убакыт­ка чейин бошотулат, к. Салык.