МУСА Баетов: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУСА </strong>Баетов (1902, азыркы Нарын | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУСА </strong>Баетов (1902, азыркы Нарын облусу, АкТалаа району, Байгөнчөк кыштагы - 9. 5. 1949, Фрунзе) - ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Нарын шаардык радиосунда (1931-1934), Кыргыз <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr> филармониясында (1936-1949) солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зыйнат») чебер аткарган. Муса жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон.</p><p>[[File:МУСА_1.jpg|thumb|left|МУСА Баетов]]Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын духунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын <abbr data-short="чыг-лыг" data-full="чыгармачылыг" data-extended="true">чыгармачылыг</abbr>ына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», | ||
«Кыздар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. Муса комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> аткарган. Муса «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ойтобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башка элдик <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган. Мусанын аткаруусундагы элдик <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> залкар обончулардын ырларын музыка изилдөөчүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүргөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов Мусанын «Арпанын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ырларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. <abbr data-short="О. Азия" data-full="Орто Азия" data-extended="true">Борбордук Азия</abbr> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Казакстан ырчыларынын конкурсунда Муса биринчи байгени алган (1944). Мусанын ысмы Нарындагы <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr> үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> медалдар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> сыйланган.</p> | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 11:07 учурдагы соңку нуска
МУСА Баетов (1902, азыркы Нарын облусу, АкТалаа району, Байгөнчөк кыштагы - 9. 5. 1949, Фрунзе) - ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Нарын шаардык радиосунда (1931-1934), Кыргыз мамлекеттик филармониясында (1936-1949) солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зыйнат») чебер аткарган. Муса жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон.

Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын духунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыздар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. Муса комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Муса «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ойтобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башка элдик жана автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган. Мусанын аткаруусундагы элдик жана залкар обончулардын ырларын музыка изилдөөчүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүргөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов Мусанын «Арпанын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ырларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. Борбордук Азия жана Казакстан ырчыларынын конкурсунда Муса биринчи байгени алган (1944). Мусанын ысмы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.