МУКАБА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МУКАБА — </strong>китептин тышы. Картон, булгаары, кездеме, кагаз, ледерин, коленкор, полимер жана башка материалдан жасалып, бышык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> бекем болот. Китептин тигилген басма табактары - китеп блогу мукабага бириктирилип желимделет. Китептин тышкы көрүнүшүнө, китеп блогун бекитүү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> аны тышына бириктирүү ыкмасына жараша мукаба туташ <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> курама, катуу <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жумшак болуп бөлүнөт. Туташ мукаба бутүндөй бир түрдөгү материалдан жасалат, курама мукаба түбү <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> дүмүрчөгү бир түрдүү материалдан, картондун бети башка материалдан даярдалат. Китептин көлөмүнө ылайык мукабанын көп (№1ден №9га чейинки) түрү бар. Мукабалар китеп тыш даярдоочу машиналарда жасалат. Китеп продукциясын массалык түрдө даярдоодо мукабанын №4, 5, 7 түрлөрү көп колдонулат. | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 10:13 учурдагы соңку нуска
МУКАБА — китептин тышы. Картон, булгаары, кездеме, кагаз, ледерин, коленкор, полимер жана башка материалдан жасалып, бышык жана бекем болот. Китептин тигилген басма табактары - китеп блогу мукабага бириктирилип желимделет. Китептин тышкы көрүнүшүнө, китеп блогун бекитүү жана аны тышына бириктирүү ыкмасына жараша мукаба туташ жана курама, катуу жана жумшак болуп бөлүнөт. Туташ мукаба бутүндөй бир түрдөгү материалдан жасалат, курама мукаба түбү менен дүмүрчөгү бир түрдүү материалдан, картондун бети башка материалдан даярдалат. Китептин көлөмүнө ылайык мукабанын көп (№1ден №9га чейинки) түрү бар. Мукабалар китеп тыш даярдоочу машиналарда жасалат. Китеп продукциясын массалык түрдө даярдоодо мукабанын №4, 5, 7 түрлөрү көп колдонулат.