МУГКАНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МУГКАНА - </strong>1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (<abbr data-short="б. з. ч." data-full="биздин заманга чейинки" data-extended="true">биздин заманга чейинки</abbr> II кылым - <abbr data-short="б. з." data-full="биздин замандын" data-extended="true">биздин замандын</abbr> VI-VII кылымдары). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бирге коюлган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5- 5 <em>м,</em> эшигинин туурасы 70 <em>см.</em> Муткананын диаметри 4-15 <em>м,</em> уз. 3-9 <em>м,</em> туурасы 2-6 <em>м,</em> бийикт. 2,4- 3,5 <i type="metrics">м</i>ге чейин жетет. Фергана өрөөнүнүн түндүгүндө, негизинен Ала-Бука <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Аксы аймактарында, Наманган облусунун Кара-Мазар тоосу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> Курама тоо кырларында (Гава-Сай, Көк-Серек, Сумсар <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Касан капчыгайларында, Кызыл-Жар, Орто-Суу өрөөнүндө) кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык муткана казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> байланыштырышат. Профессор Г. А. Пугаченкова муткананы казак, кыргыз күмбөздөрүнүн алгачкы түрү деп болжолдойт. Ала-Бука районундагы мутканаларды 1951-жылы археолог А. К. Кибиров, 1955- <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> 1974-жылы археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген. Терек-Сай шаарчасына жакын, Орто-Токой кыштагында Касан-Сай суусунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө-мүрзөлөрүнөн да мутканалар табылган. <abbr data-short="Түн." data-full="Түндүк" data-extended="true">Түндүк</abbr> Чыгыштагы эң четки мутканалар тобу Пачата (Аксы) суусунун жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган мутканалар <abbr data-short="б. з." data-full="биздин замандын" data-extended="true">биздин замандын</abbr> I кылымына таандык. Мындай таш мүрзөлөр кыргыздарда корум же корумдап (сөөк, өлүк) коюу деп аталат. Ферганалык тажиктер «корумб» - «үйүлгөн таш» деп аташкан. XIX кылымда ферганалык өзбектер «курум» же «гурум» дешкен. Аталган корум-мүрзөлөрдүн атайын жасалган эшиги болгон. Корум-мүрзөлөрдү <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> калк мугдардын (эл) үйү же мугдардан калган калдык деп эсептешип, тажиктер көбүнчө «ханам-муг» дешсе, өзбектер «муг-хана», ал эми кыргыздар «мык» (мыктын үйү) деп аташкан. Чоң Алайда, Тажикстандын Жерге-Тал районунда «муг» сөзү <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> байланышкан кыргызча «Кара-Мык» топоними кездешет. Уламыштарда Фергана мугдары күчтүү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> мээнеткеч кишилер катары даңазаланышкан. Илимде «муг» аталышы авесталык «могу», байыркы персче «магу», согдалык «мог» - «отпарас» деген түшүнүктөн келип чыккан деп эсептелинет. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөр далилдегендей Чыгыш Ферганада Чуст доорунда зардалчылыктын (зороастризм отпарастык дининин) <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> варианты пайда болуп, ал ислам дининин таралышынын алдында гүлдөп өнүккөн. Демек, муг тургундары ислам дини таралганга чейинки отпарастык ишенимде турушкан <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> калкты түшүндүргөн. Аксы районунун борбору азыркы Кербен шаарынын 7- кылымда жашаган легендарлуу башкаруучусу Керван-Баш да муг элинен чыккан делинет. Демек, мугдар отпарастык ишенимде туруп, мусулман динине кирбей, арабдарга көпкө чейин каршылык кылышкан ферганалык <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> тургундар болушу мүмкүн. | |||
<em>Т. Кененсариев.</em> | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 07:09 учурдагы соңку нуска
МУГКАНА - 1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (биздин заманга чейинки II кылым - биздин замандын VI-VII кылымдары). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер менен бирге коюлган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5- 5 м, эшигинин туурасы 70 см. Муткананын диаметри 4-15 м, уз. 3-9 м, туурасы 2-6 м, бийикт. 2,4- 3,5 мге чейин жетет. Фергана өрөөнүнүн түндүгүндө, негизинен Ала-Бука жана Аксы аймактарында, Наманган облусунун Кара-Мазар тоосу менен Курама тоо кырларында (Гава-Сай, Көк-Серек, Сумсар жана Касан капчыгайларында, Кызыл-Жар, Орто-Суу өрөөнүндө) кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык муткана казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер менен байланыштырышат. Профессор Г. А. Пугаченкова муткананы казак, кыргыз күмбөздөрүнүн алгачкы түрү деп болжолдойт. Ала-Бука районундагы мутканаларды 1951-жылы археолог А. К. Кибиров, 1955- жана 1974-жылы археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген. Терек-Сай шаарчасына жакын, Орто-Токой кыштагында Касан-Сай суусунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө-мүрзөлөрүнөн да мутканалар табылган. Түндүк Чыгыштагы эң четки мутканалар тобу Пачата (Аксы) суусунун жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган мутканалар биздин замандын I кылымына таандык. Мындай таш мүрзөлөр кыргыздарда корум же корумдап (сөөк, өлүк) коюу деп аталат. Ферганалык тажиктер «корумб» - «үйүлгөн таш» деп аташкан. XIX кылымда ферганалык өзбектер «курум» же «гурум» дешкен. Аталган корум-мүрзөлөрдүн атайын жасалган эшиги болгон. Корум-мүрзөлөрдү жергиликтүү калк мугдардын (эл) үйү же мугдардан калган калдык деп эсептешип, тажиктер көбүнчө «ханам-муг» дешсе, өзбектер «муг-хана», ал эми кыргыздар «мык» (мыктын үйү) деп аташкан. Чоң Алайда, Тажикстандын Жерге-Тал районунда «муг» сөзү менен байланышкан кыргызча «Кара-Мык» топоними кездешет. Уламыштарда Фергана мугдары күчтүү жана мээнеткеч кишилер катары даңазаланышкан. Илимде «муг» аталышы авесталык «могу», байыркы персче «магу», согдалык «мог» - «отпарас» деген түшүнүктөн келип чыккан деп эсептелинет. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөр далилдегендей Чыгыш Ферганада Чуст доорунда зардалчылыктын (зороастризм отпарастык дининин) жергиликтүү варианты пайда болуп, ал ислам дининин таралышынын алдында гүлдөп өнүккөн. Демек, муг тургундары ислам дини таралганга чейинки отпарастык ишенимде турушкан жергиликтүү калкты түшүндүргөн. Аксы районунун борбору азыркы Кербен шаарынын 7- кылымда жашаган легендарлуу башкаруучусу Керван-Баш да муг элинен чыккан делинет. Демек, мугдар отпарастык ишенимде туруп, мусулман динине кирбей, арабдарга көпкө чейин каршылык кылышкан ферганалык жергиликтүү тургундар болушу мүмкүн.
Т. Кененсариев.