МУУН АЛМАШУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУУН АЛМАШУУ омурткасыз жаныбарларда - бири бири менен морфол. жана физиол. өзгөчөлүктөрү, жашоо-тиричиликтери жана көбөйүү жолдору боюнча айырмаланган тукум муундарынын алмашуусу. М. а-нун метагенез жана гетерогония жолдору бар. Метагенезжыныссыз көбөйүүдө эки же андан көп муундун алмашуусу. Мындай М. а. айрым жөнөкөйлөрдө - ичеги көндөйлүүлөр, курттар жана кээ бир хордалууларда байкалат.
Гетерогон и я г а - түрдүү жыныс формаларынын муун алмашуусу мисал болот. Ал көпчүлүк жалпак жана жумуру курттарда ж. б. кездешет. Ө с ү мдүктөрдө М. а. - өнүгүү циклинде бир эле өсүмдүктүн эки тукумунун бирөө жыныстык көбөйүү органын (гаметофит), экинчиси жыныссыз көбөйүү органын (спорофит) пайда кылат. Ал - көпчүлүк татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн (жөнөкөй түзүлүштүүлөрдөн балырларда гана) касиети. Папоротник, кырк муун ж. б. жыныссыз муун спорофитте споралар пайда болот. Споралар шамал аркылуу таралып, алардан жаңы жыныс мууну өөрчүйт.