МУСУЛМАН УКУГУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУСУЛМАН УКУГУ - укук системаларынын бир бөлүгү; социалдык нормалардын комплекси, М. у-нун синоними-нормативдик укук эрежелеринин системасы катары шарият эсептелет. М. у. мусулман коомчулугунун мүчөлөрүнө гана карата колдонулат. Мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн укук системалары, алардын белгилүү айырмачылыктары болсо да, ислам дининин негизинде калыптанып, өз иш-милдетин аткарат. М. у-нун негизги булагы - Куран жана сүннө. Юридикалык күчкө ээ болгон бул эки булакта тең адилеттүүлүк түшүнүгү чоң роль ойнойт. М. у-нун үчүнчү булагы - иджма, башкача айтканда макулдук, ынтымак. М. у-нун төртүнчү акыркы булагы - кыяс, башкача айтканда аналогия (окшоштук) боюнча жасалган ойлор, корутундулар. М. у. орто кылымда (7- 8-к.) калыптанган. Бул укуктун мүнөздүү белгилери болуп анын эскилиги, ар түрдүү түшүнүктөн куралгандыгы жазылып, системага салынган нормаларынын жоктугу, көп жагынан соңку замандарда мамлекеттин аракети аркасында чыгарылган мыйзамдарды, кодекстерди өзүнө
кабылдоо менен жымсалдатылгандыгы эсептелет. 20-к-дан Арабия ж. а-нда жана Персия булуңунда жайгашкан өлкөлөрдө гана М. у. сакталып, адаттагы көрүнүшүндө колдонулууда.
Ад.: Сюкияйнен Л. Р. Мусульманское право. Вопросы теории и практики. М., 1986; он же. Шариат и мусулманско-правовая культура. М., 1997; Мусульманское право. Библоиграфический указатель/Сост. Э. А. Урусова, Ю. В. Иванов. М., 2010.