МУРГАБ РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРГАБ РАЙОНУ Тажик Респ-нын курамындагы администрациялык бирдик. Тоолуу-Бадакшан обл-на карайт. Район 1932-ж. 27-октябрда уюшулган. Тоолуу-Бадакшан обл-нун чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн Ош обл. (Кыргызстан), чыгышынан Синьцзян-Уйгур автономия р-ну (Кытай), түштүгүнөн Бадакшан провинциясы (Афганстан) менен чектешет. Аянты 38,5 миң клг2. Калкы 17,0 миң (2009). Калкынын негизин памирлик кыргыздар түзөт. Расмий тили - кыргыз, тажик тилдери. Мусулман (сүннөттөр) динин тутат. Администрациялык-аймактык жактан бир шаарга жана 6 айыл жамаатына (администрациялык-аймактык бирдик) бөлүнөт. Администрациялык борбору - Мургаб ш.
Район бийик тоолуу Памир аймагынан орун алган. Климаты мелүүн континенттик, чыгышы суугураак. Январдын орт. температурасы - 19,6°С, июлдуку 13°С. Жылдык жаан-чачыны 60-70 лм4. Негизги суусу - Мургаб д. (уз. 978 км). Бийик тоолуу чөл топурактары басымдуу, өсүмдүктөрү сейрек (терскен, жаздык сымалдар ж. б.). 1885-ж. орус аскерлери Чыгыш Памирди ээлеп, Мургаб кароолун негиздеген. 1895-ж. орусангл. чектөөлөр боюнча бөлүнгөн: Панж д-нын сол жээгиндеги аймак Афганстанга, оң жээги (Бадакшан) Россиянын вассалы катары Бухарага берилген. Экономикасында а. ч. маанилүү орунда. Негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, куйруктуу кой, эчки жана бодо мал (анын ичинде топоз) асырайт. Б. Амираева.