МУМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУМИЯ — чирибес үчүн дары-дармектер менен атайын катырылган өлүк (сөөк). М. табигый жана атайы жасалган болот. Чөлдө муздарда ка­лып М-га айланган сөөктөр табылган. Синьцзян­да, АКШнын Невада штатында, Альпы тооло­рунан, («Муз киши») ж. б. Атайылап М-лоо үчүн өлүк көбүнчө бальзамдалган. Өлүктү мындай сактоо Байыркы Египетте көп кездешкен. Ошондой эле Алтайда (биздин заманга чейинки 5-4-к.), Кыргызстанда (Баткен ай­магында Кара-Булак көрустөну жана Талас ай­магында Кең-Кол көрустөну) да табылган.