«МОСФИЛЬМ»: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
«МОСФЙЛЬМ» - РФтеги киноконцерн. 1924-ж. Москвада уюшулуп, 1935-ж. чейин ар кандай аталып, 1935-жылдан «М.» киноф-касы, 1936- 90-ж. киностудиясы, 1990-жылдан киноконцерн. СССРдеги, ошондой эле дүйнөдогү эң ири киностудия болгон. Адегенде көркөм, илимий-популярдуу, мультипликациялык фильмдер чыгарылса, 1935-жылдан көркөм фильм гана чыгарат. Кино өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон режиссёрлор: А. П. Довженко, С. М. Эйзенштейн, И. А. Пырьев, М. И. Ромм ж. б.; операторлор: М. П. Магидсон, Э. К. Тиссеж. б.; сүрөтчүлөр: В. В. Егоров, Атап Айтканда Уткин ж. б. белгилүү киноишмерлер иштеген. Көрүнүктүү фильмдери: «Петербург түнү» (1934), «Биз Кронштаттанбыз» (1936), «Ленин 1918-жылы» (1939), «Машенька» (1942), «Коммунист» (1958), «Кадимки фашизм» (1966), «Согуш жана тынчтык» (1966-67), «Вир тууган Карамазовдор» (1969) ж. б. «М.» чыгарган «Деңиз тууралуу ыр» (1959), «Адам тагдыры» (1960), «Солдат жөнүндө баллада» (1961), «Бошотуу» (1970-71) фильмдери Лениндик сыйл., 40тай фильми СССР жана РСФСР мамлекеттик сыйл. татыктуу болуп, ЮОдөн ашык фильми Эл аралык жана Бүткүл союздук фестивалдарда сыйл. алган. «Кыргызфильм» киностудиясынын «Салтанат» (1955) жана «Биринчи мугалим» (1965) фильми «М.» студиясы менен бирге тартылган. «М-дин» курамында «Арк-Фильм», «ВЕРТИКАЛЬ», «Жанр», «Телефильм» ж. б. студиялар, «Навона союзу» компаниясы, «РИТМ» продюсердик телекомпаниясы иштейт. Музейи бар, адис даярдоо курсу ачылган. Киностудия Ленин жана Октябрь революциясы ордендери менен сыйланган.
Ад.: Суменов Н. М. Киностудия «Мосфильм». М., 1982; «Мосфильм»: Аннотированный каталог полнометражных фильмов. 1923-2002. М., 1982.