МОНТРЁ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1936: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНТРЁ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1936) - Кара деңиз кысыктарын пайдалануу тартиби жөнүндө СССР, Түркия, Улуу Британия, Франция, Болгария, Румыния, Грекия, Югославия, Австралия жана Япония мамлекеттери катышкан конференция. 1936-ж. 22-июндан 21-июлга чейин Монтрё ш-нда (Швейцария) өткөн. М. конференциясы Кара деңиз кысыктарында сүзүү тартиптери жөнүндө Лозанна конференциясында (1922-23) кабыл алынган конвенцияны кайра карап чыгуу максатында Түркиянын демилгеси менен чакырылган. Лозанна конференциясында кабыл алынган конвенциянын ордуна, 20-июнда кысыктарды пайдалануунун тартиби жөнүндө жаңы конвенцияга кол коюлуп, ал боюнча Түркия кысыктар зонасын демилитаризациялоого укук алган. Конвенция боюнча бардык мамлекеттердин соода кемелерине тынчтык жана согуш мезгилде кысыктарда эркин сүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бирок аскер кемелерине түзүлгөн шарттар бир аз айырмаланып турган. Кара деңиздин боюндагы мамлекеттердин тынчтык мезгилде конвенциянын белгилүү бир шарттарын сактоо менен кысыктар аркылуу согуш кемелерин чексиз түрдө өткөрүү жөнүндө атайын эрежелер кабыл алынган. Кара деңиздин боюнда жайгашпаган мамлекеттердин согуштук кемелерин өткөрүүдө алардын классы, жүк көтөрүмдүүлүгү (30 миң тоннадан ашпаш керек) жана Кара деңизде өткөргөн мөөнөтү (21 күндөн ашпаш керек) чектелген. Эгерде Түркия согуш абалында турса же согушка катышып жаткан болсо, ал башка мамлекеттердин аскер кемелерин кысыктардай өткөргөнгө же өткөрбөгөнгө укуктуу болгон. Ал эми Түркия согушка катышпай турган болсо, анда Кара деңиз кысыктары бардык мамлекеттердин аскер кемелерине жабык деп эсептелген. Лозанна конференциясында түзүлгөн кысыктар боюнча эл аралык комиссия жоюлуп, анын функциялары Түркиянын өкмөтүнө берилген.