МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ЖӨНГӨ САЛУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ЖӨНГӨ САЛУУ - мамлекеттин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында айрым өндүрүүчүлөрдүн монополия­сына каршы иштеп чыккан иш-чаралар жыйын­дысы. Монополияга каршы мыйзамдар 1889-ж. Канадада, 20-к-да дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө чарбанын түрдүү тармактарында атаандаштык­ты колдоо максатында кабыл алынган. Моно­полияга каршы саясаттын негизги максаты мо­нополиялык бааларды төмөндөтүү, өндүрүш тар­тыштыгын азайтуу, монополиялык байлыкты кайрадан бөлүштүрүү жана коомдогу экономикалык ресурс­тарды борбордоштурбоо болуп саналат. М. к. ж. с. көбүнчө мамлекет тарабынан рынок мами­лелеринин нугунда өнүгүп жаткан өлкөлөрдө да ишке ашырылат. М. к. ж. с. дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кулач жайып, сатуучулардын ры­нок баасын көзөмөлдөө максатында ири уюм­дарга (картель ж. б.) биригишине каршы иш алып барат. Кыргызстанда буйрукчул-акимдик баш­каруудан рынок мамилелерине өтүү шарттарын­да монополияга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынган.