МОНОМЕРЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОНОМЕРЛЕР (моно... жана грекче meros - бөлүк) бири-бири менен же башка заттардын молекула­лары менен полимерленүү жана поликонденсация реакцияларына кирип, полимерди пайда кылуу­чу, молекулалык массасы кичине органикалык бирикмелер. По­лимерлөө реакциясында М. молекуласындагы кош жана үчтүк байланышы же циклдери (оле­финдердин кычкылдары, лактамдар, лактондор) оңой ачылуу (үзүлүү) менен (мында активдүү ра­дикалдарды же иондорду пайда кылат) поли­мерленет. Поликонденсация реакциясына моле­куласында бири-бири менен өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү болгон экиден кем эмес функциялык топтору бар (диаминдер, дикарбон кислоталары, амин кислоталары, гликолдор ж. б.) М. кирет. Би­функциялуу М-ден түз тизмектүү, экиден көп функциялык топтору бар М-ден тармакташкан жана тор сыяктуу полимерлер алынат. Өндүрүштөгү эң маанилүү М. - этилен, винил­хлорид, стирол, бутадиен, фенол ж. б.