МОНОГАМИЯ (зоология): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНОГАМИЯ зоологияда - жаныбарлардын эркегинин бир эле ургаачысы менен жупташышы. Адатта эркеги тукумуна кам көрөт. Сүт эмүүчүлөрдө полигамияга караганда М. сейрек кездешет. Карышкыр, түлкү, кашкулак жана киши сымал маймылдар салыштырмалуу туруктуу жуп түзөт. Жыныс диморфизми да М-да начар өөрчүгөн. М. канаттууларда кеңири таралган. Ак куу, кунас, бүркүт, жору бир нече жылга, кээ бири өмүр бою, каз - бир көбөйүү мезгилинде гана жупту түзөт. М. курт-кумурскаларда да учурайт.