МОМОЛОЙЛОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОМОЛОЙЛОР (Мюгойпае) — кемирүүчүлөрдүн аламандар тукумунун тукумчасы. Дене уз. 10- 12 см, кээде 36 слгге жетет. Жону көгүш же күрөңүрөөк. Көбүнүн азуу тиштери дайыма өсүп турат. М-дун 40тан ашуун уруусу бар, анын жарымынан көбү тукум курут болгон. КМШ өлкөлөрүндө 12 уруусу, 43 түрү, Кыргызстанда 6 түрү кездешет. М. материктерде, Түндүк жарым шардын көпчүлүк а-нда, Инди, Япон, Курил ж. б. а-дын түндүк жагында тоолордон океан жээктерине чейин таралган. М. кургакчылык жана азык көп жылы өтө көбөйөт. Ачык ландшафттуу жерлер М-дун түрүнө бай келет. Чээнге кирбейт. Азыгынын көбү - өсүмдүк; кээси кышка азык камдайт. Көбү - а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечи жана айрым жугуштуу оору козгогучтарды алып жүрүүчүлөр. Кээ биринин териси баалуу. 1 түрү, 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.