МОЛДОБАЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЛДОБАЕВА Марина Сатаровна [1953-жылы туулган, Фрунзе обл., Кант р-ну (азыркы Чүй обл., Ысык-Ата р-ну), 1-Май айылы] - медицина илимдеринин доктору (1993), проф. (1997). КММИни (1975), ошол эле жерде аспирантураны (1980), СССР МИАнын Эндокринология илимий борборун­да докторантураны (1993) бүтүргөн. 1996-жыл­дан КММАда ассистент, кафедра башчысы бо­луп иштейт. Ички оорулар жана эндокриноло­гия, гастроэнтерология боюнча адис. КРдин Сала­маттык сактоо министрлигинин башкы эндок­ринологу, Кыргызстан гастроэнтерологдор ассоциа­циясынын вице-президенти. 150дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 9 метод. көрсөтмө, 1 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Ожирение и сахарный диабет (в соавторстве). Метод. реком. БСУ (ВОЗ), Копенгаген, 1996; Сахар­ный диабет (в соавторстве). БСУ. Копенгаген, 1996.