МОКЕЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОКЕЕВ Анварбек (3. 4. 1948, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чычкан кыш.) - дипломат, тарых илимдеринин доктору (2010), проф. (1993). 2-класстагы кенешчи (1998). 1971-ж. КМУну бүтүргөн. 1971-74-ж. КМУда окутуучу, 1978-83-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунда илимий кызматкер, 1983-92-ж. КМУда, 1992-93-ж. БГУда кафедра башчысы, 1993-94-ж. Түркиянын Мармар университетинде проф., 1994-98-ж. КРдин Түркия жана Иран Респ-ндагы ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси, 1998-2001-ж. КМУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору, 2001-05-ж. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде проректор, 2005- 06-ж. АКШнын Висконсин университетинин стажёру, 2006-11-ж. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде проф., 2011-12-ж. КРдин Өзбекстандагы элчиси, 2012-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору. О. кылымдагы кыргыз тарыхы боюнча адис. 80ден ашуун илимий макалалардын автору.