МУТАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУТАЦИЯ </strong>(<abbr data-short="лат." data-full="латынча" data-extended="true">латынча</abbr> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУТАЦИЯ </strong>(<abbr data-short="лат." data-full="латынча" data-extended="true">латынча</abbr> mutatio - өзгөрүү) б и о л ог и я д а - <abbr data-short="ген." data-full="генетикалык" data-extended="true">генетикалык</abbr> материалдын организмдин тигил же бул белгилеринин өзгөрүшүнө алып келүүчү күтүлбөгөн жерден табигый же жасалма пайда болгон тукум куума өзгөрүүлөрү. «М.» терминин илимге голланд. ботаниги X. Де Фриз киргизген (1901). М. - эволюциянын алгачкы материалы, ал ДНК молекулаларынын бузулушунан болот. Кээ бир гана М. организмдин мүнөздөмөсүн жакшыртат. М. механизмдери <abbr data-short="мол." data-full="молекулалык" data-extended="true">молекулалык</abbr> деңгээлде 20-к-дын орто ченинде <abbr data-short="мол." data-full="молекулалык" data-extended="true">молекулалык</abbr> генетиканын өнүгүшү <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> айкын боло баштаган. Эгерде М. жапайы типтин белгилерин өзгөртсө, т ү з М., ал эми жапайы типти толук же бир аз калыбына келтирсе, т е с к е р и М. деп аталат. М. генерациялык, сомалык, ядролук <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> цитоплазмалык болуп айырмаланат. <abbr data-short="Ген." data-full="Генетикалык" data-extended="true">Генетикалык</abbr> материалдагы өзгөрүүлөрдүн мүнөзүнө жараша чекиттик М., инсерциялар, хромосомалардын кайрадан түзүлүшү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> хромосомалардын санынын өзгөрүшүн камтыган М-ларга да бөлүнөт. Чекиттик М-да ДНК же РНК нуклеотиддеринин жубунун түшүп калышынан же арасына кошулушунан болот. Инсерциялар - ДНК молекулаларынын генге киргизилиши, көбүнчө анын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө (инактивация) алып келет же оперондордо күчтүү карама-каршы натыйжаны (уюлдук эффектти) пайда кылат. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү негизинен <abbr data-short="ген." data-full="генетикалык" data-extended="true">генетикалык</abbr> материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинацияланышынан келип чыгат. <abbr data-short="Ген." data-full="Генетикалык" data-extended="true">Генетикалык</abbr> аппараттын өзгөрүшүнө байланыштуу М. геномдук, хромосомалык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> гендик болуп бөлүнөт. Г ен о м д у к М. организм клеткаларындагы <em>хромосомалардын</em> санынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Хромосомалык М. <abbr data-short="ген." data-full="генетикалык" data-extended="true">генетикалык</abbr> материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинациясында болот. Ага инверсия, транслокация, делеция, дупликация <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> фрагментация кирет. Г е н д и к М-да айрым гёндердин <abbr data-short="хим." data-full="химиялык" data-extended="true">химиялык</abbr> түзүлүшү өзгөрөт. М-нын натыйжасында организмде түрдүү биохим., физиол. <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> морфол. белгилер өзгөрүшү ыктымал. Мындай өзгөрүүлөр организмдин кээ бир белгилерин өтө кескин өзгөртсө, кээ бир белгилерин-анча-мынча гана өзгөртөт. Полиплоиддүү мутанттар негизинен клетканын же бүтүндөй организмдин көлөмүнүн чоңоюшу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> мүнөздөлөт. Гаплоиддүү мутанттардын клеткалары майда <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>гаметалар</em> толук хромосома санына ээ болгондуктан, тукумсуз болушат. Гендик М. бардык М-нын негизи болуп, организмдин белгилерин көптөгөн өзгөрүүлөргө алып келет. Анын көбү организмге зыяндуу (мутант ген көбүнчө майыптыкка, ар андай ооруларга, ал тургай өлүмгө дуушар кылат). Гендик М. доминанттуу, жарым доминанттуу <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> рецессивдүү болушу мүмкүн (к. <em>Доминанттуулук, Рецессивдуулук).</em> Натыйжада <em>гендер</em> ар түрдүү абалда болуп, организмдин белгилерине көп түрдүү таасир тийгизет. Гендик М. көп убакта организмдеги процесстерди өзгөртөт, тукум берүү касиетин төмөндөтөт. Чанда организм касиеттерин жакшырткан М. да болот, алар аз кездешсе да <em>табигый тандалуу</em> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>жасалма тандоого</em> материал болот <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>эволюциянын</em> жүрүшүндө мааниси бар. Айрым М. бакча өсүмдүктөрүн <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> гүл өстүрүүдө жаңы сортторду чыгарууда пайдаланылат. Геномдук М. - <em>тукум куума ооруларды </em><abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кишинин тубаса кемтигин пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан кишини түрдүү <em>мутагендердин</em> таасиринен коргоо негизги орунда турат. </p> | ||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУТАЦИЯ (латынча mutatio - өзгөрүү) б и о л ог и я д а - генетикалык материалдын организмдин тигил же бул белгилеринин өзгөрүшүнө алып келүүчү күтүлбөгөн жерден табигый же жасалма пайда болгон тукум куума өзгөрүүлөрү. «М.» терминин илимге голланд. ботаниги X. Де Фриз киргизген (1901). М. - эволюциянын алгачкы материалы, ал ДНК молекулаларынын бузулушунан болот. Кээ бир гана М. организмдин мүнөздөмөсүн жакшыртат. М. механизмдери молекулалык деңгээлде 20-к-дын орто ченинде молекулалык генетиканын өнүгүшү менен айкын боло баштаган. Эгерде М. жапайы типтин белгилерин өзгөртсө, т ү з М., ал эми жапайы типти толук же бир аз калыбына келтирсе, т е с к е р и М. деп аталат. М. генерациялык, сомалык, ядролук жана цитоплазмалык болуп айырмаланат. Генетикалык материалдагы өзгөрүүлөрдүн мүнөзүнө жараша чекиттик М., инсерциялар, хромосомалардын кайрадан түзүлүшү жана хромосомалардын санынын өзгөрүшүн камтыган М-ларга да бөлүнөт. Чекиттик М-да ДНК же РНК нуклеотиддеринин жубунун түшүп калышынан же арасына кошулушунан болот. Инсерциялар - ДНК молекулаларынын генге киргизилиши, көбүнчө анын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө (инактивация) алып келет же оперондордо күчтүү карама-каршы натыйжаны (уюлдук эффектти) пайда кылат. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү негизинен генетикалык материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинацияланышынан келип чыгат. Генетикалык аппараттын өзгөрүшүнө байланыштуу М. геномдук, хромосомалык жана гендик болуп бөлүнөт. Г ен о м д у к М. организм клеткаларындагы хромосомалардын санынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Хромосомалык М. генетикалык материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинациясында болот. Ага инверсия, транслокация, делеция, дупликация жана фрагментация кирет. Г е н д и к М-да айрым гёндердин химиялык түзүлүшү өзгөрөт. М-нын натыйжасында организмде түрдүү биохим., физиол. жана морфол. белгилер өзгөрүшү ыктымал. Мындай өзгөрүүлөр организмдин кээ бир белгилерин өтө кескин өзгөртсө, кээ бир белгилерин-анча-мынча гана өзгөртөт. Полиплоиддүү мутанттар негизинен клетканын же бүтүндөй организмдин көлөмүнүн чоңоюшу менен мүнөздөлөт. Гаплоиддүү мутанттардын клеткалары майда жана гаметалар толук хромосома санына ээ болгондуктан, тукумсуз болушат. Гендик М. бардык М-нын негизи болуп, организмдин белгилерин көптөгөн өзгөрүүлөргө алып келет. Анын көбү организмге зыяндуу (мутант ген көбүнчө майыптыкка, ар андай ооруларга, ал тургай өлүмгө дуушар кылат). Гендик М. доминанттуу, жарым доминанттуу жана рецессивдүү болушу мүмкүн (к. Доминанттуулук, Рецессивдуулук). Натыйжада гендер ар түрдүү абалда болуп, организмдин белгилерине көп түрдүү таасир тийгизет. Гендик М. көп убакта организмдеги процесстерди өзгөртөт, тукум берүү касиетин төмөндөтөт. Чанда организм касиеттерин жакшырткан М. да болот, алар аз кездешсе да табигый тандалуу жана жасалма тандоого материал болот жана эволюциянын жүрүшүндө мааниси бар. Айрым М. бакча өсүмдүктөрүн жана гүл өстүрүүдө жаңы сортторду чыгарууда пайдаланылат. Геномдук М. - тукум куума ооруларды жана кишинин тубаса кемтигин пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан кишини түрдүү мутагендердин таасиринен коргоо негизги орунда турат.