МУСАЕВ Абдулда Инаятович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСАЕВ Абдулда Инаятович (20. 1. 1956-жылы туулган, Фрунзе) - адабиятчы, филология илимдеринин докто­ру (2003), проф. (2004) КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. ишмер (2006). КМУну бүтүргөн (1978).

1978-82-ж. ОшМУда оку­туучу, 1982-84-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тил, адабият институтунда аспирант, 1984- 87-ж. КМУда окутуучу, 1987- 91-ж. ошол эле окуу жай­да улук окутуучу, 1991- 94-ж. кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы, 1994-95-ж. докто­рант, 1995-96-ж. X. Кара­саев атындагы ВГУнун алдында­гы Эл аралык билим берүү борборунун директо­ру, 1996-98-ж. БГУдадекан, 1999-2005-ж. ошол эле окуу жайда Үзгүлтүксүз билим берүү институту­нун директору, 2005-09-ж. ректор, 2009-10-ж. КР билим жана илим министри, 2011-жылдан ВГУнун ректору. ЗОдан ашык илимий эмгектин жана методикалык окуу куралдардын (анын ичинде 3 моно­графия, 4 окуу китеп) автору.

Эмг.: Жанылануунун драматизм. Б., 1998; Т. Сы­дыкбеков: Адам тагдыр жана чыгармачылык тагдыр. Б., 2000; Кыргыз романдарынын поэтикасы. Б. 2001.