МУРРЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУРРЕЙ, М а р р и - Австралиядагы эң ири дарыя. Уз. 2570 км (Дарлингдин башатынан 3750 м), алабынын аянты 1160 миң км2. Авст­ралия Альп тоолорунан башталып, басымдуу бөлүгүндө түздүк аркылуу агып, Александр бу­луң-лагунасына куят. Башкы куймалары: Дар­линг, Маррамбижи (оң). Кар жана жамгыр суу­ларынан куралат. Жазында жана жайында (жам­гырлуу мезгилде) суусу өтө кирип, кургакчыл мезгилде (кышында) куймаларынын көбү негиз­ги дарыяга жетпей соолуп калып, М. өтө та­йыздайт. Орт. чыгымы 330 м3/сек, жылдык орт. агымы 10,5 км3. Сугатка пайдаланылат. Балык кармалат. Олбери ш-на чейин кеме жүрөт. Ча­тында болуп турган бора толкуну кемелердин башка деңиз порттору менен байланышын татаал­даштырат. М-да жана анын куймаларында ири суу сактагычтар (Илдон, Хьюм, Виктория көлү ж. б.) жана ГЭСтер (Хьюм, Барринтак) курулган.