МУРЗАКМАТОВ Мукай Усупович: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРЗАКМАТОВ Мукай Усупович (14. 7. 1940-жылы туулган,
Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Шапак айылы) — физика-математика илимдеринин доктору (2007), проф. (2010), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2000). Пржевальск педагогикалык институтун (1961), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1972) бүтүргөн. Ак-Суу р-нунда мугалим (1961-64), Пржевальск педагогикалык институтунда окутуучу (1964-69), Бүткүл союздук мелиорациялык системаларды комплекстик

автоматташтыруу боюнча ИИИде улук илимий кызматкер (1972-81), Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык интунда, ФПИ, Кыргыз архитектура-курулуш институтунда (1981-94), 1994-жылдан Ысык-Көл мамлекеттик унтинде кафедра башчысы. Гидрогеомеханика боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, ЖОЖ үчүн 3 окуу китеби жана 20 методикалык колдонмосу жарык көргөн.
Эмг.: Жогорку математика. Каракол, 2001; Оптималдоо методдору. Караңол, 2008.