МУРДАШ СЫМАП КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРДАШ СЫМАП КЕНИ Ош обл-нун Алай р-нунда. Гүлчө кыш-нан 20 км түндүк тарапта, Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Кен 1956-ж. табылган. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде пайда болгон түрдүү түстөгү акиташ теги, сланецтер жана эффузия тоо тектери түзөт. Кен акиташ теги менен сланецтердин контактындагы тектоникалык майда жаракаларда, кальциттешкен жана талкаланган зоналарда жатат. Алардын уз. 260 м, туурасы 30-40 лгге жетет. Кенташ чачыранды, сепкил, линза, уяча, тарамча түрүндө. Негизги минералы - киноваръ. Кен герцин бүктөлүүсүндөгү металлогендүү доордо гидротерм жолу менен пайда болгон.