МУРАТБЕКОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРАТБЕКОВ Акылбек (1932-жылы туулган, азыркы Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Байтик кыш. - 2001, ошол эле жер) - экономика илимдеринин доктору (1986), КРдин маданиятка эмг. сиң. ишмери (1993). 1954-ж. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүткөн. 1963-82-ж. Кыргыз ССР ИАнын Экономика интунда илимий кызматкер, 1982-84-ж. Кыргызстан а. ч. өндүрүшүн уюштуруу жана экономика ИИИде директордун орун басары, 1984-86-ж. Кыргыз ССР А. ч. министрлигинин илим жана пропаганда башкы башкармалыгынын начальниги, 1986- жылдан Экономика ИИИде бөлүм башчы болуп иштеген. КРдин Шахмат федерациясынын төрагасы (1970-жылдан). Эмгектери илимий техникалык прогресстин шартында а. ч. өндүрүпгүнүн экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга арналган. Ал 50дөн ашык илимий эмгектин (5 монография, анын ичинде 3 авторлош) автору. Анын демилгеси менен Фрунзеде (азыркы Бишкек) шаардык шахмат клубу ачылып, 1980-жылдардын башында шахмат бча СССРдин чемпионаты өткөн. Шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиондору М. Таль, Т. Петросян, А. Карпов, Г. Каспаров, М. Чибурданидзе, Н. Иосилиани ж. б. Кыргызстанга келип, тажрыйба бөлүшкөн.