МУКАНБЕТОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУКАНБЕТОВ Экия (15. 6. 1933, азыркы ЫсыкКөл обл., Түп р-ну, Талды-Суу айылы - 21. 9. 1975, Фрунзе) - комузчу, ырчы, обончу, актёр. Комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. М-дун ырчылык, комузчулук жана актёрдук өнөрү мектепте окуп жүргөндө эле башталган. 1954- 60-жылы Туулган Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеп, комузчу-аткаруучу катары К. Орозовдун «Ибарат», Ы. Тумановдун «Жаш тилек», Т. Сатылгановдун «Чоң

кербез», комузчулар ансамблинде Атайдын «Маш ботой», Айдараалынын «Көйрөн күү», Токтогулдун «Чайкама» ж. б. күүлөрдү чебер аткарган. 1960-75-ж. Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр болуп эмгектенип, түрдүү мүнөздөгү образдарды жараткан. М-дун нукура элдик куудулдук таланты Р. Шүкүрбековдун «Келип кетти», «Ашка жүк, башка жүк», «Калпак» жана өзүнүн «Кулдураса эле куран болот тура» деген интермедияларында таасын көрүнгөн. Театрда аткарган ролдору: Ырчы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Айдайбол (А. Тажибаев, «Жалгыз дарак токой болбойт»), Касым (Ш. Бейшеналиев, «Тоо койнундагы гүл»), Кодор, Молдосан (А. Токомбаев, «Тергөө жүрүп жатат», «Өлбөстүн үрөнү»), Иуда(Т. Шевченко, «Назар Стодоля»), Алисев (М. Ибраимов, «Элет кызы»), Майрык (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим»), Шаршен (К. Маликов, «Осмонкул»), Шаршен (Ж. Садыков, «Күйөө жолдош») ж. б. М. - лирикалык жана балдарга арналган кайталангыс көп обондордун автору. «Кыялым менин кызыл гүл», «Эмне артык», «Кой, кой жигит», «Кызгалдак», «Казак кызына», «Сүйүүнүн кызыл желеги», «Бакыттын даамын бир татсак», «Өзү менен биргемин», «Тушүнсөң боло суратпай», «Сайрагүл», «Өчпөсүн менин үмүтүм», «Ак кайың», «Айдайлы жашоо кемесин», «Айтылбай ичте сыр калат», «Чабан жигитке» ж. б. ырлары кыргыздын ыр казынасын байыткан. М-дун ысмы туулган айылындагы көчөгө коюлган.