МУЗЫКА ТААНУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗЫКА ТААНУУ — музыка жөнүндөгү илим; искусство таануунун бир тармагы. М. т. тармактарына музыка теориясы, музыка тарыхы, музыкалык этнография, музыкалык аспапты изилдөө илими, музыкалык акустика, музыкалык психология жана музыкалык сын кирет. 20-к-дын 60-70-жылдарында музыканын коомдогу абалынын конкреттүү формасын изилдөөчү музыкалык социология илими өзгөчө тармак болуп бөлүнүп чыккан. Теориялык М. т. турмуштук чындыкты музыкада чагылдыруунун ыкмаларын, музыканын негизги мыйзам ченемдерин, жалпы эле музыкалык өнөрдүн өзгөчөлүктөрүн изилдейт. М. т-га музыкалык аткаруучулуктун принциптерин (жеке жана хор менен ырдоо, дирижёрлук өнөр, ар түрдүү. музыкалык
аспаптарда ойноо) жана музыкалык үндүн (сольфеджио) өнүгүшүн иштеп чыгуучу илимий-методикалык дисциплиналар кирет. Т а р ы х ы й М. т. музыкалык маданияттын коомдун өзгөрүү шарттарына карай өнүгүшүнүн бүтүндөй бир көрүнүшүн кайра түзүү максатын көздөйт. Тарыхый М. т. музыканын жалпы тарыхы менен катар жеке элдин музыкалык тарыхын, музыкадагы жанр менен форма (мисалы, опера, симфония, соната), аткаруучулук өнөр түрлөрүнүн (пианизм, скрипкалык өнөр ж. б.) тарыхын да камтыйт. Эл музыкасын (музыкалык фольклорду) изилдөө музыка тарыхынын негизги бөлүгү болсо, ал эми анын өзгөчөлүктөрүн изилдөө менен музыкалык этнография илими келип чыккан. Музыкалык маданиятта олуттуу роль музыкалык сынга таандык. Ал учурдагы жана өткөн замандагы музыкалык байлыктарды талдап баалайт. Музыкадагы илимий көз караштын алгачкы элементтери байыркы доордогу маданияты жогору өнүккөн Кытай, Индия, Грекия ж. б. өлкөлөрдө пайда болгон. Гректин көрүнүктүү музыкалык теоретиги Аристоксендин (Аристотелдин шакирти, биздин заманга чейинки 4-к.) музыкалык кубулуштарды талдаган эмгектери бар. М. т-га 0. Азия илимпоздору [Абу Наср аль-Фараби (10-к.), Ибн Сина (10-11-к.)], араб, фарсы, византия теоретиктери зор үлүш кошкон. 18-к-да Ж. Мартини (Италия), Ж. Хокинс менен Ч. Берни (Улуу Британия), 19-к-да Г. Берлиоз, Р. Шуман, Р. Вагнер, Ф. Листтин музыкага арналган сын эмгектери жарык көргөн. Компизоторлор М. И. Глинка, А. С. Даргомыжский, М. А. Балакирев, М. П. Мусоргский, А. П. Бородин, П. И. Чайковский ж. б. эстетика тууралуу маанилүү пикирлерди айтышкан. 20-к-дын башында музыкалык фольклористика өнүккөн. А. Д. Кастальский менен Е. В. Гиппиус орустун, Д. И. Аракишвили грузиндин, В. А. Успенский өзбек менен түркмөндүн, Г. Б. Ерзакович, А. Жубанов казактын, А. В. Затаевич менен С. Виноградов, Б. Алагушов кыргыздын фольклорун жыйнап изилдеген. Азыркы кезде улуттук музыкалык өнөрдү изилдөө искво таануу институттарында жүргүзүлөт. Кыргыз Улуттук консерваториясында, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият ин-нда искусство бөлүмү кыргыздын элдик, проф. музыкасын изилдөө боюнча илимий эмгектерди жаратууда.
Ад.: Музыкальная энциклопедия. В 3 т. М., 1976; Виноградов В. С. Киргизская народная музыка, Ф., 1958; Алагушов Б. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007. Б. Алагушов.