МОСКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОСКА Гаэтано (1. 4. 1858, Палермо - 8. 11. 1941, Рим) - итал. саясат таануучу, социолог. В. Парето менен бирге элита теориясын негиздегенетикалык «Башкаруучу тап» (1896) китебинде М. бардык коом эки тапка бөлүнгөндүгүн ырастаган. Ал эки тап: башкаруучу «саясий тап» (элита) жана башкарылуучу. Башкаруучу тап бийликке ээлик кылып, бийликтин артыкчылыктары менен ырахаттанышкан. Бийликти колдоо үчүн мыйзам чегиндеги жана андан тышкары ыкмаларды колдонушат. Башкаруучу тап күч жана алдоонун гана эмес, идеол. же «саясий доктринанын» жардамы менен башкарат. Диний же
улуттук сезимдерге негизделген универсалдык
кыялдардын жардамы менен элита калкты өзүнүн үстөмдүүлүгүнүн легитимдүүлүгүнө ынандыра алат. Көпчүлүктүн эрки сыяктуу үстөмдүк кылган демокр. доктринаны М. жалган деп
эсептегенетикалык М-нын ою боюнча элитанын үстөмдүгү - бардык мезгилдер жана элдердин тарыхый тажрыйбасы күбө кылган мыйзам. Парето сыяктуу ал дагы, «элитаны жаңыртмайын социалдык стабилдүүлүк мүмкүн эмес», дейт.