МОРФЕМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРФЕМА - сөздүн маани берүүчү бөлүгү жана тилдеги негизги бирдик же мааниси жагынан бөлүнбөй турган грамматикалык форма. М-нын касиеттери: м а а н и берет (лексикалык же граммат. маани туюнтат); башка учурларда да бирдей мааниде, бирдей формада кайталанат; ч е к т ү ү болот (баштапкы маанидеги абалынан ары бөлүктөргө ажырабайт). Мисалы «малчылардын» деген сөз «мал» «-чы», «-лар», «-дын» деген 4 М-дан турат. Мында биринчи М. зат атооч, экинчиси сөз жасоо, үчүнчүсү көптүктү, төртүнчүсү (илик жөндөмө) таандык байланыш маанилерин туюнтту. Ушул сыяктуу ар кыл маанилерди туюнтушуна карата бул сөз бирдиги (М.) уңгу М., лексикалык М., к ур а н д ы М. дегендей түрлөргө бөлүнүп кетет.