МОРОНИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРОНИ - Комор Аралдары союзу мамлекетинин борбору. Инди океанындагы порт. Комор Аралдарына таандык 3 аралдын бири Нгазижада (Гранд-Комор) а-нда, Мозамбик кысыгынын түндүк бөлүгүндө, бул аралдагы аракеттеги Картала жанартоосунун (2361 м; өлкөнүн эң бийик жери) этегинде жайгашкан. Калкы 50 минден ашык (2012); негизинен анталоте, кафре, макао ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. М. - ваниль, какао, кофе соодалоонун борбору. Шаарды 1886-1906-ж. француздар басып алган. 1912-жылданМадагаскардын ээлигинин курамында болгон. 1946-жыл-
дан Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусуна ээ. Расмий түрдө 1976-жылдан Комор Аралдары мамлекетинин борбору. Архитектурасы араб маданиятынын таасиринин негизинде курулуп, көптөгөн эски мечиттер кездешет. Ошондой эле шаар базары, Медина эски кварталы ж. б. сакталган. Өлкөдөгү туруксуз саясий кырдаал туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болуп келүүдө жана инфраструктура начар өнүккөн.
