МОПАССАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОПАССАН Ги (толук аты - Анри Рене Альбер ги) де (5. 8. 1850, Турвиля-сюр-Аркка жакын Миромениль замогу - 6. 7. 1893, Париж) - француз жазуучусу. 1870-71-ж. Руан лицейинде окуган. 1870-71-ж. Франция-Пруссия согушуна катышкан. Чыгармачылыгына Г. Флобер, И. С. Тургенев, О. Бальзактын чыгармалары зор таасир тийгизген.

Адабиятта М. 19-к-дын аяк чениндеги сын реализмин улантуучу катары таанылган. 80-жылдардагы новеллаларында («Айым Фифи», 1882; «Рондолинин жерлери», 1884 ж. б.) буржуазиянын рухий кедери нин кеткенин келекелеген. Новеллаларындагы бул тема «Дүйнө-өмүр» (1883) романында айрыкча айкын иштелген. М-дын Франция-Пруссия согушу жөнүндөгү новеллалар циклинде элдин патриотизми, оокаттуу таптын эгоизми, эки жүздүүлүгү көрсөтүлөт. Буга «Май болпоч» (1880) новелласы жакшы мисал. М. - «Жан досум» (1885), «Монт-Ориоль» (1887) романдарынын автору. М-дын чыгармаларын И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, М. Горький жогору баалаган. «Вил дос» романы (1982), Ж. Абаев, башка айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.