МОНОСАХАРИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНОСАХАРИДДЕР — гидролиз реакциясына кирүүгө жөндөмсүз болгон углеводдордун негизги тобун түзгөн органикалык бирикмелер. Аларда гидроксид жана альдегид (альдозалар) же кето (кетоз) топтору болот. М. курамындагы көмүртек атомунун санына жараша триозаларга (С3), тетрозаларга (С4), пентозаларга (С.), гексозаларга (С6) бөлүнөт. М-дин ациклдүү (ачык) жана циклдүү (туюк) формалары болуп, 5 мүчөлүү циклдер фураноза, 6 мүчөлүүсү пиранозалар деп аталат. М. татаал углеводдордун (гликозиддер, полисахариддер ж. б.) жана углеводу бар биополимерлердин курамына кирет. Мында М. бири бири жана молекуланын углевод эмес бөлүгү менен гликозиддик байланыш аркылуу байланышат. Кислоталардын же ферменттердин таасири менен гидролизденгенде бул байланыштар үзүлүп, М. бөлүнөт. М. - кристаллдар, сууда жакшы, спиртте начар эрийт, эфирде эрибейт. М. карбонил тобуна мүнөздүү реакцияга кирет. А§М3түн аммиактагы эритмесин, негиздик чөйрөдө жездин кычкылын калыбына келтирет. М. көпчүлүк өсүмдүк жана жаныбар организмдеринде эркин түрүндө кездешет. Ошондуктан алар - М-ди алуунун негизги булагы. М. синтез жолу менен да алынат. Алар өсүмдүктөрдүн фотосинтез кубулушунан көмүртек кош оксиди жана суудан пайда болот. М-дин оргэнизмде ажырашы энергия бөлүп чыгаруу менен жүрөт. Кээ бир М. жана андан алынган заттар тамак-аш ө. ж-нда жана медицинада колдонулат.