МОНИЕЗИОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОНИЕЗИОЗ (Моп1ег1оз1з), т ү й н ө к - кепшөөчү малдын (уй, кой, эчки, төө ж. б.) инвазиялуу ылаңы. Ылаңды тасма мите курт­тар - Мошейа ехрапза (уз. 1-5 м) жана Мошехха

Ъепебеш (уз. 1-4 м) пайда кылат. Булар ичеги­нин ички бетине жабышып алып, мителик кы­лышат. Бир эле куртта аталык жана энелик урук бездери болот. Ылаң М. таратуучу гельминт жу­мурткалары бар кенелерди мал чөп-чар менен кошо жеп алганда пайда болот. Айрыкча жаш козу­лар көп ылаңдайт. Кыргыздар бул ылаңды т ү й­н ө к деп аташат. Ылаңдаган мал чычкактайт, жакшы оттобойт, арыктай баштайт, ичи көбөт, дене-бою тырышып, баса албайт. Дарылоо: мал­дын жашына жараша көк таштын суудагы 1%түү эритиндисин (1-1,5 айлык козуларга 15- 20 мл, 5-6 айлык козуларга 40-45 мл жана чоң койлорго 80-100 мл) берүү, ошондой эле фенесал жана мышьяктын калай кычкылы кеңири колдо­нулат.