МОМБЕКОВ (кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОМБЕКОВ (1985-ж. чейин К ы л а) - ЖалалАбад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Ю. Момбеков атындагы айыл аймагынын борбору. Деңиз деңгээлинен 610 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 20 км батыш тарапта. ТентекСай т. ж. бекетинен 20 км. Калкы 3510 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана, маданият үйү, почта байланыш бөлүмү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануучу жайлар, чайкана, 4 тегирмен, кийим тигүү цехи, 2 май жуаз иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак Социалисттик Эмгектин Баатыры Ю. Момбековдун ысмынан аталган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Э. Жусупов туулган.