МОЛИБДЕН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛИБДЕН (латынча Molybdaenum), Мо - элементтердин мезгилдик системасынын VI тобунан орун алган химиялык элемент, катар номери 42, атомдук массасы 95,94. Жаратылышта 7 туруктуу изотобу бар: 92Мо, 94Мо, 95Мо, 96Мо, 97Мо, 98Мо, 100Мо. 1782-ж. швед окумуштуусу П. Гьельм МоО3тү көмүртек менен калыбына келтирүүдөн металл түрүндөгү Мди бөлүп алган: МоО3+ЗС—>Мо+ЗСО. Жер кыртышында аз таралган элемент (массасы боюнча Г10"3%ти түзөт). Жаратылышта 20га жакын минералдары кездешет, алардын ичинен эң маанилүүсү: молибденит - Мо32. Ө. ж-да мааниси чоң минералдары: повеллит - CaMoO4, молибдит - Ге2(МоО4)3-»Н2О жана вульфенит - РЪМоО4. М. - кыйындык менен эрүүчү, ачык боз металл, тыгызд. 10,2 г/см?-, балкып эрүү 2620±10°С; кайноо I 4830°С; кадимки температурада абада туруктуу. 600°Сдан баштап тез кычкылданып, МоО3тү пайда кылат. Ал жөнөкөй кислоталарды (Н2МоО4, Н2МоО4' Н2О) жана изополикислоталарды (Н6МоО24 ж. б.) берет. Туздары молибдаттар жана полимолибдаттар деп аталат. М. бирикмелеринде +4 жана +6 окистенүү даражасын көрсөтөт. Суутек менен реакцияга кирбейт, фтор менен кадимки температурада, хлор менен 250°Сде аракеттенип, МоГ6 менен МоС1,ти пайда кылат. Алар таза М. алууда колдонулат. Күкүрт, күкүрттүү суутек менен сууда, туз кислотасында жана суюлтулган күкүрт
кислотасында эрибеген дисульфидди Мо32 пайда кылат. М. ядролук реактордо, генераторлордун, электр жана радио-техникалык лампаларын, рентген түтүктөрүн даярдоодо негизги констр. материал болуп эсептелет. Өсүмдүк, жаныбар жана адамдын организминде микроэлемент катары болуп, азот алмашуу процессине катышат. (МН4)2МоО4 медицинада, текстиль ө. ж-нда жана боёк өндүрүүдө кеңири колдонулат. М-дин сульфиди нефть ө. ж-нда катализатор катары пайдаланылат.