МОЛЕКУЛА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛЕКУЛА - берилген заттын негизги химиялык касиеттерин алып жүрүүчү эң кичине бөлүкчө. М. бир же ар түрдүү элементтердин атомдорунан туруп, атом ядролору менен электрондордун бирдиктүү, кыймылдуу системасы катары жашайт. Атомдор М-га негизинен сырткы (валенттик) электрондору менен химиялык байланыш аркылуу биригишип, мейкиндикте белгилүү ирет менен жайгашат. М-дагы химиялык байланыш бир, эки же үч жуп электрондор аркылуу ишке ашат да, алар химиялык байланыш менен бириккен эки атомго бирдей тиешелүү болот. Байланышкан эки атомдун касиеттерине жараша уюлдуу жана уюлсуз М. пайда болушу мүмкүн. Оң жана терс заряддарынын борборлору дал келишпесе уюлдуу, дал келишсе уюлсуз М. пайда болот. Уюлдуу М-нын туруктуу диполдук моменти болот, ал эми уюлсуз М-ныкы болбойт. Валенттик электрондор металлдын атомунан металл эместин атомуна өтүп кетсе, анда иондор пайда болот. М-ны түзгөн атомдордун саны кеңири чекте өзгөрөт, мисалы, Н2, F2, СО ж. б. М-лар эки атомдон баштап, көп миндеген атомдорго чейин куралат. Бир атомдуу М-да атом жана М. түшүнүктөрү бири бирине дал келишет. М-нын курамы химиялык формулалар менен туюнтулат. Заттын эмпирикалык формуласы (мисалы, суунуку - Н2О, метандыкы - СН4, этил спиртиники - С2Н.ОН ж. б.) жана анын молекулалык массасы химиялык анализдин натыйжасында М-ны түзгөн атомдордун сандык катыштарын аныктоо менен табылат. Органикалык заттардын түзүлүш теориясы М-нын түзүлүшүн атомдордун ортосундагы байланыштардын иретин жана тартибин чагылдыруучу структуралык формулалар менен туюнтууга мүмкүндүк берди. Бирдей эмпирикалык формулага ээ болгон М-лар ар түрдүү түзүлүшкө жана касиеттерге ээ болот (изомерлер). Валенттик байланыштар менен бириккен эки атомдун ортосундагы аралык (А) түрдүү бирикмелердин М-сында бирдей болуп, байланыштын эселиги өскөн сайын азаят: С-С 1,54; С=С 1,34; С=С 1,20. М-ны түзгөн ар бир атом окистенүү даражасына жараша иондук, коваленттик же атомдук радиустары менен туюнтулат. Бул радиустар М-ны түзгөн атомдордун электрондук катмарынын өлчөмүн көрсөтөт. Валенттик байланыштар менен бириккен атомдордун бири бирине тыгыз жакындаша ала турган аралыктары ван-дер-ваальс радиустары менен (А) туюнтулатынча М-дагы атомдордун коваленттүү байланыштары атомдук орбиталдардын гибриддик абалдарына жараша мейкиндикте белгилүу бир бурчтар боюнча жайгашат. Ошондуктан көп атомдуу М-лар мейкиндикте өзүнө таандык конфигурацияга ээ болушат. Мындай байланыштардын багыттары же конфигурациялары байланыш үзүлмөйүнчө өзгөрбөйт. М. симметриясынын борбору жана атомдордун жайгашуу багыттары дал келбесе, түрдүү изомерлер пайда болот. Азыркы мезгилде химиялык байланыш теориясы М-ны түзгөн атомдордун аралыгын, химиялык байланыштардын энергиясын, М-нын энергиясын ж. б. эсептөөгө мүмкүндүк берди. М. магниттик касиеттерине жараша парамагниттүү жана диамагниттүү болуп бөлүнөт. М-нын түзүлүшү рентгенструктуралык анализ, нейтронография, электронография, спектроскопия ж. б. методдор менен изилденет. Жаратылышта жүрүп жаткан бардык процесс М-нын өз ара аракеттенүүсүнө жана айлануусуна байланыштуу болгондуктан, М-ны изилдөөнүн практикалык жана теориялык мааниси чоң.
Ад.: Слэтер Дж. Электронная структура молекул. М., 1965. Флайгер У. Строение и динамика молекул. М., 1982. Т. 1-2; Патевский В. М. Строение и физико-химические свойства молекул и веществ. М., 1993. .. Т. Баидинов.