МОЛДОТАШЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛДОТАШЕВ Ишенбай Курманович (5. 1. 1953-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Кайырма-Арык айылы) - медицина илимдеринин доктору (1989), проф. (1999). КММИни бүтүргөн (1975). Кыргыз Кардиология ИИИнин кенже, улук илимий кызматкери, бөлүм башчысы (1980- 2000). КРдин эмг. сиң. врачы (2003). Ысык-Көл обл-нун губернатору (2005). 2005-жылдан УКТБде башкы илимий кызматкер. Ошол эле жылдын ноябрь айынан Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо ИИИде директордун орун басары, 2006-жылдан директору болуп иштейт. Кардиология боюнча адис. 135тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу бар. Кыргыз ССРинин Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. (1984). Ленин комсомолу сыйл. (1986) лауреаты. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000- 2005).
Эмг.: Особенности фармакотерапии хронической сердечной недостаточности в разных клинических условиях Центральной Азии. Оренбург, 1998; Прогностическое значение изменений со стороны эхокардиологических параметров в раннем послеоперационном периоде, протезирования митрального клапана. М., 2000. молдо-тоо - Ички Теңир-Тоодогу кырка тоо. Нарын д-нын оң өйүзүндө, анын меридиандык имерилишинен чыгышты карай Куртка суусуна чейин 110 км ийилип созулат. Туурасы 26 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери 4185 м. Тоонун кырында жана түштүк капталында тоо жаралганга чейинки түздүктөрдүн калдыктары даана байкалат. Жону чыгышында түзөң, айдөөш, батышында тик чоку, аскалуу, ортонку бөлүгү (Кара-Кече суусунун башында) бийик. Капталдары батышында негизинен тик, Көкөмерен жана Нарын ойдуңдарына карай жантайыңкы. Ашуулары; Чамынды (3184 м), Кең-Арык (3524 м), Ак-Тайлак (3400 м), Боз-Айгыр (3660 м), Суулуу-Куртка (3368 м), Узун-Булак (3126 м). Негизинен ортонку палеозойдун акиташ теги, мрамор, филлит, кварцит, диабаз,
конгломерат; этеги неоген-төртүнчүлүк мезгилдердин кум, чопо, алевролит тектеринен түзүлгөн. Көмүр, полиметалл ж. б. кендери бар. Чакан мөңгүлөр кездешет. Тоонун күнгөйүн жарым чөл жана кургак талаа (2300 м бийиктикке чейин), арча, бадалдуу жана шалбаалуу талаа (2300-3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаасы (3000-3300 м), тескейинде, батыш тоо этегине бадал аралашкан кургак талаа жана талаа, чыгышына сейрек карагайлуу токой жана шимүүр-каз тамандуу шалбаа (3000 лгге чейин), шалбаалуу талаа (3500 лгге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.