МОЛДОЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛДОЕВ Эдилбек Эсенович (30. 6. 1959-жылы туулган, Нарын ш.) - тарыхчы-юрист, юридика илимдеринин доктору (2011), проф. (1995). КМУнун тарых (1983) жана юридика (1995) факультеттерин бүтүргөн. 1976-78-ж. Тогуз-Торо р-нунун Дөдөмөл орто мектебинде мугалим, 1984-92-ж. КМУнун тарых факультетинде бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы, 1995-98-ж. КМУда студенттик профкомдун төрагасы, 2000-07-ж. юридикалык кадрларды максаттуу даярдоо факультетинин деканы, 2007-08-ж. Евразия институтунда инновациялык технология боюнча директор, 2008-13-ж. КРдин билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, 2013-жылдан Лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо мамлекеттик инспекциясынын башчысы. Эмгектери Кыргызстандын кооперациялык өндүрүшүнүн тарыхына жана укук йлимине арналган. Окуу китеп, 2 монография, 80дей илимий макаланын автору.
Эмг.: История промысловой кооперации Кыргызстана. Б., 1994.