МОГОЛДОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОГОЛДОР - турктөшүп кеткен моңгол уруулары. «Могол» («могул», «моңол») этноними Чынгызхандын уулдарына (Чагатай жана Үгөдөй) тиешелүү улуста (к. Моголстан) жашап калган моңголдорго байланыштуу кирген. Бирок М. этнониминин жаралышы, калыптанышы, тилинин өзгөчөлүгү жөнүндө бирдей көз караш жок. Негизи мындай аталуу жергиликтүү (автохтондуу) элден айырмалоо үчүн жалпылама түрундө кабыл алынышы мумкүн. Анткени М. көптөгөн түркмоңгол урууларынан (кереит, каңглы, арканут, сулдуз, дуглат, чорос, итарчи, карлук, кончи, кушчу, калучи, баарын, булгачы, барлас, арлат, духтуй, йарки, долон, балыкчы, татар ж. б.) турган. Ошондуктан кээ бир окумуштуулардын аларды накта «моңгол» (В. В. Бартолъд), экинчилери «түрк» (С. Аманжолов), үчүнчүлөрү (К. И. Петров) аралаш уруу, башкалар (Н. А. Аристов) Чагатай тукумундагы хандарга кызмат кылган социалдык катмар катары карашы бирдиктүү жыйынтык бербейт. Кийинки окумуштуулардын (мисалы, В. Юдин) пикири боюнча М. түрк тилинде сүйлөгөн (мисалы, «Ит эмген бахадур», «Теке секирген»), башкача айтканда каадасалты, хан сарайындагы даражалар («улусбеги», «ордабеги», «тугбеги», «йатышбеги», «хазиначи» ж. б.), жазуусу («Тарих-и Рашиди»),
энчилүү аты (Кудайкул, Беккул, Теңирберди ж. б.), ага караштуу уруулардын көбү түрктөргө («каңглы», «кушчу», «сагрыгчы», «бекчак» ж. б.) таандык болгон. Ошондуктан М. таза моңгол эмес, алтайлыктарга жакын экендиги жөнүндө ойлор айтылат. Мухаммед Хайдар да М. менен кыргыздарды бир эл деп белгилеп, бирок «могол хандарына каршы тынымсыз көтөрүлүш чыгарып тургандыктан, алардан бөлүндү болуп калганын» көрсөтөт. Тил жагынан дагы кыргыз менен казактарга жакындыгы (алтай тил тобундагы кыпчак тили) далилденген. Мындай фактылар М-дун түрктөр менен байыркы замандан эле байланышы бар болушу мүмкүндүгүн көрсөтөт (к. Моңгол каратуулары). М. менен кыргыздардын этностук байланышы терең изилдене элек (к. Моңолдор). Мухаммед Хайдар өз эмгегинде кыргыздардын М-го каршы тынымсыз күрөшүп келгенин, башкача айтканда алардан бөлүнүүгө жасаган аракети тууралуу көптөгөн маалыматтарды келтирет, бул алардын Тянь-Шандын жергиликтүү калкы болгон эместигин далилдейт. Султан Саид хандын тушунда (1514-33) М-дун саны азайып, Мухаммед Хайдардын сөзү боюнча «Турпан жана Кашкар тарапта болгону отуз миңге жакын могол калган жана алар мусулманга айланышкан». 16-17-к-да Моголстандын саясий жактан начарлашына байланыштуу өз урууларынын аты менен башка элге (кыргыз, казак, өзбек) сиңип кеткен. Азыркы учурда КЭРдин Лобнор аймагында турган уруулар салыштырмалуу түрдө о. кылымдагы М-го жакын (тектеш) деп эсептелет. Бирок лингвистикалык жактан алардын кыргыз, казактарга жакын экени далилденген.
Ад.: Аристов Н. А. Заметки об этническом составе тюркских племен и народностей и сведения об их численности//«Живая старина». Вып. III и IV. СПб., 1836; Малов С. Е. Лобнорский язык. Ф., 1956; Тенишев Э. Р. Еще раз о происхождении лобнорцев. // VII Международный конгресс антропологических и этнографических наук (Москва, август, 1964 г.). М„ 1964; Абрамзон С. М. Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня // Этническая история народов Азии. М., 1972; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999. Т. Асанов.