МУХАММЕД ХАН ШЕЙБАНИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУХАММЕД ХАН ШЕЙБАНИ, Абу ал-Фатх Мухаммад, Шахи Бек Өзбек, Шайбак, Шахбахт, Мухаммед Шейбани (1451-1510) - Абулхайр хандын небереси, Шахбудаг султандын уулу, Шейбаниддер (Шейбани - Мухаммед хандын адабий псевдоними) династиясынын негиздөөчүсү, Маеераннахрдын бийлөөчүсү (1503-10). Атасы Юнус хандын буйругу менен 1468-ж. дарга асылган. Жакын туугандары (Атабек Уйгур Хан, эмир Карачин Бек) аны Астрахандагы Касым ханга качырган. Кийин Султан Ахмед (Султан Абу Саид мырзанын уулу) мырзанын нөкөрү (т. а. анын нөкөрү Мир Абдалали тархандын нөкөрү) болуп кызмат кылып жүрүп, Ташкенттин жанында салгылашууда аны сатып, Моголстандын ханы Махмуд хан (Юнус хандын уулу) тарапка өткөн. Мындай кызматы үчүн Махмуд хан ага Түркстан ш-н берген. Күчтөнө баштаганда Тимуриддердин тагына ээ болуу ниети менен Бабурдун карындашына үйлөнгөн. 1500-ж., Самарканд ш-н курчоого алып, Бабурдун аскерин эки жолу талкалаган. Бабур адегенде Бадахшанга, андан ары Кабулга качкан. Самарканд менен Бухараны караткандан кийин (1503), Махмуд хан менен араздашып, аны туткунга
түшурүп, Ферганадан баш тартууга аргасыз кылып коё берген. 1505-ж. Хорезмге каршы аттанып, 10 айлык курчоодон кийин Үргөнч ш-н караткан, бирок Хорезмди ала албай артка кайткан. 1507-ж. Гератка жүрүш жасап, Хорасандын бийлөөчүсү, Тимурдун О. Азиядагы акыркы тукуму Хусейн Байкара уюштурган Тимуриддердин бириккен колун талкалаган. Борбордук Азияда ага тең келер күч калбай калганына көзү жеткен М. х. Ш. өзүн бардык сүннөттөрдүн башчысы деп жарыялаган. Мындан кийин Иранды (Персия) басып алуу үчүн шылтоо кылып, Исмаил шахты (Исмаил I Сефевид) шииттен баш тартып, сүннөткө өтүүгө чакырган. 1510-ж. Мургаб д-нын жээгинде Исмаил шахтын аскери менен болгон салгылашууда М. х. Ш-нин колу талкаланып, өзү оор жаракат алгандан кийин бир дыйкандын үйүндө көз жумган. Исмаил шах анын саман толтурулган баш терисин түрк султаны Баязет Пге тартуулап, баш сөөгүнөн шарап иче турган идиш жасаткан.
Ад.: Семенов Атап Айтканда Шейбани-хан и завоевание им империи Тимуридов//Материалы по истории таджиков и узбеков Средней Азии. Душ., 1954; Баргполъд В. В. Шейбаниды//Соч. Т. 2, ч. 2. М., 1964.
Э. Турганбаев.