МУУНАК КУРТТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУУНАК КУРТТАР (АппеИФа) - экинчи дене көңдөйлүү, алгачкы ооздуу курттардын тиби. Дене уз. бир нече лглгден 3 лгге чейин жетет. Муунакталган денеси эки жак симметриялуу. Сегмент-муунактары көп. Алардын саны бир нече жүзгө жетет. Сегменттелиши ички органдарынын метамериясы менен байланыштуу. Ар бир сегментте түктөрү, начар өөрчүгөн буттары же параподиялары болот. Тери-булчуңу жука кутикула, тери эпителийи, узунунан кеткен жана муунак булчуңдардан турат. Оозу 1-сегменттин курсак жагында, кан айлануу системасы туюк, ал 2 негизги курсак жана жон кан тамырларынан туруп, шакек түрүндө. Алар териси, кээде бакалоору менен дем алат. Бөлүп чыгаруу органы - нефридий. Нерв системасы мээ жана курсак нерв тизмегинен турат. Сезүү органы - көз жана жыт билүү чуңкурчалары. Айрым жыныстуу же гермафродиттер. Личинкасы трохофорасы менен өөрчүйт. Кээде жыныссыз жол менен да көбөйөт. М. к-дын 5 класска кирген 9 миңдей түрү тузсуз сууда, кургакта, тропиктеги нымдуу жерлерде жашайт. М. к. жөнөкөй түзүлүштүү жалпак курттардан келип чыккан.