МУСТАФА ЧОКАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСТАФА ЧОКАЙ, Мустафа Чокой (Чокаев, Чокай-оглы); каз. Мүстафа Шоңайү­лы (25. 12. 1890, Түркстан генерал-губернатор­лугу, Олуя-Тарангыл айылы - 27. 12. 1941, Бер­лин) - коомдук-саясий ишмер; бирдиктүү жана эгемен Түркстан мамлекетин куруунун идеоло­гу. Перовск (азыркы Кызыл-Ордо) орус-тузем мектебин (1902), Ташкенттеги гимназияны (1910), Санкт-Петербург университетинин юридика факультетин (1916) алтын медаль менен бүтүргөн. Россия­нын IV Мамлекеттик думасынын Мусулмандар фрак­циясынын секретары (1913-17), О. Азиядагы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн (к. Үркүн) себебин аныктоо боюнча комиссияда секретарь жана тилмеч болуп иштеген. 1917-ж. Ташкент ш-нда демокр. маанайдагы «Бирдик Туусу» («Б1рл1кТуы»), «Эр­кин Түркстан» («Свободный Туркестан») гезит­терин чыгарууну колго алган жана алгачкылар­дан болуп бардык түрк тилдүү элдер өз алдынча мамлекетке биригиши керек деген идеяны көтөрүп чыккан. 1917-ж. апрелде Түркстан Улут­тар совети түзүлүп, М. Ч. анын Туруктуу атко­мунун төрагалыгына шайланган. Бүткүл кыр­гыздардын (казактардын) 1-съездине (1917, 21- 28-июль), Бүткүл россиялык Уюштуруу жыйы­нына, Бүткүл россиялык мусулмандардын 1- съездине катышып, ошол жылы августта Убак­тылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин мүчөсү болуп дайындалган. Бүткүл мусулмандардын чукул чакырылган 4-съездинде жарыяланган (1917, 27- ноябрь) Кокон автономиясынын тышкы иштер министри, анан өкмөт башчысы болуп калган. Кокон автономиясы талкалангандан кийин кан­дуу террор жүргүзгөн болыпевиктерди колдоо­дон баш тарткан М. Ч. Ташкентке, кийин Кав­казга келип (1919), «Сыртта» («На рубеже») жур­налынын редактору болуп иштеген. 1921-ж. фев­ралда Закавказье демок. респ. жоюлуп, М. Ч. Түркияга кетүүгө аргасыз болгон. 1927-ж. Стам­булдан «Жаңы Түркстан» (1931-ж. чейин чыккан), 1929-ж. Берлинде «Жаш Түркстан» (1939-ж. че­йин чыккан) журналдарын чыгарган. Ал Түрк­стан Улуттар Союзун (Ппюп МаНопа1е йи Тпгке­з!ап) жетектеп, болыпевиктердин Түркстанда жүргүзгөн саясатын тынымсыз европалык басма сөз бетине [мисалы, Тйе Зопгпа! о£ Коуа1 Сеп1га1 Аз1ап 8ос1е1у, ТЬе Аз1аПс Кеүхето (Лондон), Опеп! е! ОссМеп!, Кеуие <1и РгошеПгее (Париж), ДУзсйой (Варшава) ж. б.] жарыялап турган. 1941-ж. 22-июнда Гитлердин буйругу менен камакка алы­нып, бирок кызматташуудан баш тарткан.

Ад.: Исхаков С. Мустафа Чокаев о революции 1917 года в Центральной Азии. М., 2001; Садыкова Б. Мус­тафа Чокай. А., 2004. А. Ш. Махаева.