МУСАЕВ Сыртбай Жолдошович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУСАЕВ Сыртбай Жолдошович (1. 8. 1953-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Көл-Төр айылы) - тилчи, филология илимдеринин доктору (2000), проф. (2002), КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2002), КР УИАнын корр. мүчөсү (2005). КРдин илимине эмг. сиң. ишмер (2010). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1976). СССР ИАнын стажёр-изилдөөчүсү (1976-78), аспиранты (1979-81), КР УИАнын Тил жана адабият интунда илимий кызматкер, бөлүм башчы (1982-90), КУУнун доценти (1991-92),

кафедра башчысы (1993-97), докторанты (1997-98), журналистика факультетинин деканы (1999-2000), Ысык-Көл мамлекеттик университетинин илимий жана окуу иштери боюнча проректору (2000-02), К. Карасаев атындагы БГУнун ректору (2003-04), КТРКнын президенти (2004-05), Чүй университетинин 1-проректору (2005-06), И. Арабаев атындагы КМУнун Лингвистика институтунун директору (2006- жылдан). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин илимий- теориялык жана практикалык тарыхый лексикологиялык маселелерине, калыптанышы жана өнүгүшү, сөз маданияты, синтаксистик моделдештирүү, семантика, лингвопоэтика, герменевтика, орфография ж. б. маселелерине арналган 250дөн ашык илимий-методикалык жана илимий-публицистикалык эмгектин автору. Эл аралык «8Р1 Алтын медалы» (Париж, 2003), Кембриж университетинин «Алтын медалы» (2000) менен сыйланган.
Эмг.: Структурно-функциональные типы и семантика причастных конструкций в киргизском языке. М„ 1983; Парадигматические типы причастных конструкций в киргизском языке. Ф., 1987; Кеп маданияты жана норма. Б„ 1999; Текст: Прагматика. Структура. Б„ 2000; Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. Б„ 2004; Вопросы. кыргызского языкознания. Б„ 2010.