МУРМАНСК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУРМАНСК (1917-ж. чейин Романов на­Мурмане)- Баатыр-шаар (1985). РФтин курамында. Мурма обл-нун администрациялык борбору. Түндүк уюл айланасынын ары жагында, көп жылдык тоң таралган зонада жайгашкан. Баренц деңи­зинин Кола булуңундагы тоңбогон порт. Кал­кы 307,3 миң (2010). Т. ж. бекети. Аэропорт бар. М. т. ж. магистралынын, Санкт-Петербург - М. автомобиль жолунун акыркы пункту. Ө. ж-нын негизги тармагы балык кармап белендөө, кеме оңдоо, курулуш материалы. Шаарда трал менен балык (сельдь ж. б.) кармоочу жана кабыл алуу­чу транспорт флоттору топтолгон. Түндүк деңиз жолунун башталгыч пункту. Үч ЖОЖ, 3 театр (драма, куурчак), филармония, край таануу, сүрөт, аскер-деңиз музейлери бар. Шаар 1916-ж. негизделген.