МУКАШЕВ Болот: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУКАШЕВ Болот [1903, Жети-Суу обл., Пиш­пек уезди, Чүй болушу, Сын-Таш айылы (азыр­кы Чүй обл., Чүй р-ну, Сын-Таш кыш.) - 1943, Новгород обл., Паддар р-ну, Калиновка кыш.] - Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого активдүү ка­тышкандардын бири. Майор. 1920-ж. Кызыл Ар­миянын катарына чакырылган. 1922-ж. Ленин­град музыкалык аскер мектебин, 1927-ж. Орто Азия би­риккен аскер мектебин (В. И. Ленин атындагы) бүтүп, Кыргыз атчандар дивизионунда взвод команди­ри болгон. 1930-ж. Кызыл-Жар, Чаткал, Талас, Алай, Гүлчө өрөөндөрүндө басмачыларды тал­калоого активдүү катышкан. 1933-41-ж. Кыр­гыз атчандар полкунун командиринин орун басары, штаб начальниги, Сокулук р-ндук ас­кер комиссары. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-ж. октябрдан катышып, атчандар дивизио­нунун, полкунун командири, байланыш бөлү­мүнүн начальниги. Түштүк-Батыш фронтто душ­манга каршы салгылашта курман болгон. 2-да­ражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сый­ланган.