МУЗЫКА ТААНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУЗЫКА ТААНУУ — музыка жөнүндөгү илим; ис­кусство таануунун бир тармагы. М. т. тармак­тарына музыка теориясы, музыка тарыхы, музыкалык этнография, музыкалык аспапты изилдөө илими, музыкалык акустика, музыкалык психология жана музыкалык сын кирет. 20-к-дын 60-70-жылдарында музыканын коомдогу абалынын конкреттүү формасын изилдөөчү музыкалык социология илими өзгөчө тар­мак болуп бөлүнүп чыккан. Теориялык М. т. турмуштук чындыкты музыкада чагыл­дыруунун ыкмаларын, музыканын негизги мый­зам ченемдерин, жалпы эле музыкалык өнөрдүн өзгөчөлүктөрүн изилдейт. М. т-га музыкалык аткаруу­чулуктун принциптерин (жеке жана хор менен ыр­доо, дирижёрлук өнөр, ар түрдүү. музыкалык

аспаптар­да ойноо) жана музыкалык үндүн (сольфеджио) өнүгүшүн иштеп чыгуучу илимий-методикалык дисциплина­лар кирет. Т а р ы х ы й М. т. музыкалык маданияттын коомдун өзгөрүү шарттарына карай өнүгүшүнүн бүтүндөй бир көрүнүшүн кайра түзүү максатын көздөйт. Тарыхый М. т. музыканын жалпы тарыхы менен катар жеке элдин музыкалык тарыхын, музыкадагы жанр менен форма (мисалы, опера, сим­фония, соната), аткаруучулук өнөр түрлөрүнүн (пианизм, скрипкалык өнөр ж. б.) тарыхын да камтыйт. Эл музыкасын (музыкалык фольклорду) изилдөө музыка тарыхынын негизги бөлүгү бол­со, ал эми анын өзгөчөлүктөрүн изилдөө менен музыкалык этнография илими келип чыккан. Музыкалык маданиятта олуттуу роль музыкалык сынга таандык. Ал учурдагы жана өткөн замандагы музыкалык байлыктарды тал­дап баалайт. Музыкадагы илимий көз караштын алгачкы элементтери байыркы доордогу маданияты жогору өнүккөн Кытай, Индия, Грекия ж. б. өлкөлөрдө пайда болгон. Гректин көрүнүктүү музыкалык теоретиги Аристоксендин (Аристотелдин шакирти, биздин заманга чейинки 4-к.) музыкалык кубулуштарды тал­даган эмгектери бар. М. т-га 0. Азия илимпоз­дору [Абу Наср аль-Фараби (10-к.), Ибн Сина (10-11-к.)], араб, фарсы, византия теоретикте­ри зор үлүш кошкон. 18-к-да Ж. Мартини (Италия), Ж. Хокинс менен Ч. Берни (Улуу Бри­тания), 19-к-да Г. Берлиоз, Р. Шуман, Р. Ваг­нер, Ф. Листтин музыкага арналган сын эмгек­тери жарык көргөн. Компизоторлор М. И. Глин­ка, А. С. Даргомыжский, М. А. Балакирев, М. П. Мусоргский, А. П. Бородин, П. И. Чай­ковский ж. б. эстетика тууралуу маанилүү пи­кирлерди айтышкан. 20-к-дын башында музыкалык фольклористика өнүккөн. А. Д. Кастальский менен Е. В. Гиппиус орустун, Д. И. Аракишвили грузиндин, В. А. Успенский өзбек менен түрк­мөндүн, Г. Б. Ерзакович, А. Жубанов казактын, А. В. Затаевич менен С. Виноградов, Б. Алагушов кыргыздын фольклорун жыйнап изилдеген. Азыркы кезде улуттук музыкалык өнөрдү изилдөө иск­во таануу институттарында жүргүзүлөт. Кыргыз Улуттук консерваториясында, Б. Бейшеналие­ва атындагы искусство институтунда, КР УИАнын Ч. Айтма­тов атындагы Тил жана адабият ин-нда искусство бөлүмү кыр­гыздын элдик, проф. музыкасын изилдөө боюнча илимий эмгектерди жаратууда.

Ад.: Музыкальная энциклопедия. В 3 т. М., 1976; Виноградов В. С. Киргизская народная музыка, Ф., 1958; Алагушов Б. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007. Б. Алагушов.