МУЗЫКАЛУУ КОМЕДИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗЫКАЛУУ КОМЕДИЯ - күлкүлүү мүнөздөгү музыкалык-сахналык чыгарма; музыкасы обондуу ыры жана кара сөзү бар күлкүлүү операнын бир түрү. М. к. түшүнүгү опера-буффа, оперетта, комедиялык опера, комедия-балет, зингшпиль, водевиль, тонадилья жана мюзикл сыяктуу музыкалык-сахналык жанрларды мүнөздөөдө да колдонулат. М. к. өз алдынча жанр катары 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында калыптанган. Опереттадан айырмаланып, М. к-га жөнөкөй ыр, элдик бий жанрларын кеңири пайдалануу мүнөздүү. Мисалы, И. Дунаевскийдин «Эркин шамал», «Ак акация», А. Новиковдун «Василий Теркин», У. Гажибековдун «Аршин мал алан», В. СоловьёвСедойдун «Ишенимдүү дос», Н. Давлесовдун «Аста-секин, колукту», А. Аманбаевдин «Бойдоктор» ж. б.