МУДРОС ЖАРАШУУСУ (1918): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУДРОС ЖАРАШУУСУ (1918) - биринчи дүйнөлүк согушта (1914-18) Түркия жеңилгенден кийин Мудрос портунда (Лемнос а.) Улуу Британия менен Түркия өкмөтүнүн өкүлдөрү 1918-ж. 30-октябрда кол койгон жарашуу. Анда Кара деңиз кысыктарын Антантанын аскер флоттору үчүн ачуу, союздаштардын Босфор менен Дарданеллди оккупациялоого укуктуулугу, Хижаз, Ирак, Сирия ж. б. жерлердеги түрк аскерлеринин багынуу шарттары белгиленген. Ал шарттар Түркияны биротоло бөлүп алуу, анын аймагын антисов. интервенция үчүн плацдарм катары пайдалануу максатын көздөгөн. Түрк элинин улуттук-бошт. күрөшүнөн улам М. ж. ишке ашпай калган; М. ж-нда коюлган маселелер акыры Лозанна тынчтык келишиминде (1923) каралган.